ОРТОЧО НАМАЗ (#15322)

КҮН САЙЫН ЭРТЕҢ МЕНЕН ТҮШТӨ ЖАНА КЕЧИНДЕ ОКУЛАТ.

*Дубаны айтуу алдында колду жууп жана жуунуу учурунда төмөнкү сөздөрдү айтуу керек:

О, айланайын Кудайым! Колдорума кубат бер, дүйнөдөгү бардык күчтөр да алсырата албагандай Китебиңди бекем кармайын. Бирөөнүн энчисине кол салгандан сакта. Акыйкатта, Сен бардыгын Кармап Туруучусуң, баарынан Кудуреттүүсүң.

*Бетти жууп жатканда мындай деп айтуу керек:

О, айланайын Теңирим! Жүзүмдү Сага бурдум. Жанарыңдын жарыгы менен аны нурлант! Өзүңдөн башкага жүз бургандан сакта!
*Анан түз туруп, жүзүн Кыбылага (ибадат кылуучу жайга б.а. Акка, Бахжи тарапка) буруп мындай деп айтуу керек:

Андан башка Кудай жок экенине Кудай Өзү күбө. Аян Падышалыгы да, Жаратылгандар Падышалыгы да Ага таандык. Акыйкатта, Ал Ачылма таңы ким экенин көрсөттү, Синай тоосунда Ким маектешкенин, Ким аркылуу көк мейкиндиги жаркырап чыкканын жана жол сонуңдагы Лотос дарагына тил бүткөнүн, асмандагы жана жердеги бардык жандыктарга: «Кулак салгыла, баарына Ээлик Кылуучу келди. Жер жана асман, даңк жана бийлик Кудайга таандык, адамзаттын Теңири жана асман-жер Тагынын Ээсине таандык» деген чакырык Ким аркылуу жарыя кылынганын ачыктады!

*Анан белин бүгүп, колдорун тизесине коюп, мындай деп айтуу керек:

Сен менин алкоомдон жана менден башкалардын алкоосунан жогору турасың, менин жана көк менен жердегилердин бардыгынын түшүнүгүнөн алда канча бийиксиң!
 
*Андан кийин, тикесинен туруп жана алакандарын жайып мындай деп айтуу керек:

О, Кудайым, Сенин ырайымдуу-лугуңдун жана Сенин берекеңдин этегин кармап жалбарган пендеңдин үмүтүн үзө көрбө, о, Сен ырайымдуулардын Ырайымдуусу! 

*Андан кийин отуруп мындай деп айтуу керек: 

Сенин биримдигиңе жана Өзүңдүн жалгыз экендигиңе, Кудай экендигиңе жана Сенден башка Кудай жок экендигине күбөмүн. Акыйкатта, Сен өз Ишиңди алып келдиң, Осуятыңдагы шертиңди аткардың жана ким көк менен жерди мекендеген болсо, бардыгы үчүн Өзүңдүн ырайымыңдын дарбазасын кенен ачтың. Бул дүйнөнүн оомал-төкмөлүнө карабай өзүңдөн жүз бурбаган, сага тиешелүүгө кол жеткизүү үмүтү менен, колунда бар нерсесин Өзүңө багыштаган сүйүктүүлөрүңө кут-береке жана тынчтык, сый жана даңк буюрсун. Сен, акыйкатта, түбөлүк Кечиримдүүсүң, бардыгынан Жоомартсың. 


*(Эгер кимде-ким кааласа соңку узун дубанын ордуна: 

*«Коркунучта Жардамчы, Өзүн Өзү бар Кылуучу Андан башка Кудай жок экендигине Кудай Өзү күбө» деп айтса ошол жетиштүү болот. 

*Же болбосо отурган абалда, төмөнкү сөздөрдү айтса жетиштүү болот: 

*«Сенин биримдигиңе жана Өзүңдүн жалгыз экендигиңе,  Кудай экендигиңе жана Сенден башка Кудай жок экендигине күбөмүн».)

-Bahá'u'lláh
-----------------------

